www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында өзүнүн мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган Ж.И. коӊшу Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш-аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алынып келинди.

Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыштуу окуя ушул жылы 3-октябрда Ош шаарында катталган. Шектүү 1990-жылы туулган Ж.А. өзүнүн мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялды бир нече ирет денесине бычак сайып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 1998-жылы туулган аял окуя болгон жерде көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости