www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктогу мал базарда 120 миң сомун уурдатып жиберген карыянын уулу Бакыт учурда атасынын абалы жакшы болбогондугун айтып, интервью берүүдөн баш тартты. 

"Ошол окуя болгондон кийин атам балама аш кылат элем деп кыйкырып жиберди. Ата өзүңүздү колго кармаңыз деп жанында тургам. Ошол жерден эл "атанын акчасын уурдап кетиптир" деп акча чогулта башташты. Акча жарым саатка жетпей чогулуп калды. Азыр атамдын абалы жакшы эмес, ошон үчүн интервью бере албайт. Чогулткан элдин телефон номерлери бар, баарын ашка чакырдык. Элибизге ыраазычылык билдиребиз",- деди уулу.

Учурда бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

Булак: 7tv.kg

Последние новости