www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган кылмышкерди издөө иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

«Учурда карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом топтоп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости