www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай лидери Си Цзиньпин Коммунистик партиянын сьездин ачып жатып, жакын арада дүйнөлүк деңгээлдеги армия негиздөөгө чакырды.

«Биз аскердик кызматкерлерибизди, курал-жабдыгыбызды, аскердик теорияны модернизациялаш үчүн ыкчамырак иштейбиз. Стратегиялык аскердик потенциалыбызды бекемдейбиз», - деди Компартиянын төрагасы беш жылда бир өтчү жыйында.

Ал ошондой эле чет өлкөлүк эксперттерди чакыруу жана билим берүү тармагын өнүктүрүү менен технологиялык «кубатын» бекемдөөнү да убада кылды.

Бул съездде Си Цзиньпин үчүнчү ирет шайланары күтүлүп жатат. Өлкө аймагынан чогулган 2300 делегаттын жыйыны Тяньаньмэнь аянтынын батышында күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өтүп жатат.

69 жаштагы Си Цзиньпин бийликте он жылдан бери отурат. Мурдараак Конституциядан эки гана мөөнөткө шайлануу чегин алып салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости