www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды — келтирилген зыян 415 миң доллардан ашты, деп билдирди Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

5-октябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Г.Н кайрылып, ал 2021-жылдын апрель айында «Кайрус» ЖЧКсынын башкы директору алдамчылык жолу менен көп кабаттуу үй куруп берем деген шылтоо менен 415 миң доллар өлчөмүндөгү мүлктү жана акча каражаттарын ээлеп алганын билдирген. Бул ишкананын Лев Толстой көчөсүндөгү кеңсесинде болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталып, анын жүрүшүндө кылмышка шектүү, 1978-жылы туулган С.В.нын өздүгү такталып, кармалган.

Кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилип, башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Кармалган жарандан жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы барлар 0559 10 28 55, 0704 45 99 99 же 102 телефондору аркылуу кабарлашсын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости