www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум Айсулуу Мукашеванын жана башка оор кылмыштарга шек саналып кармалып, кийин тергөө абагында каза болгон Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган үч экс-судья Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы, Сания Бранчаева жана прокурор, адвокат боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу соттон кабарлашты.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 22-майдагы өкүмүнө ылайык, алардын баары күнөөлүү деп табылды, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген жок.
Тактап айтканда:
- Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьялары Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакиров КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгү (судья (сот) тарабынан атайылап адилетсиз өкүм, чечим же башка сот актысын чыгаруу) менен күнөөлүү деп табылды, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган жок;
- мурдагы жактоочу Сагын Жунусов КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылды, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган жок.
Ошондой эле Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен Жунусовго карата 379-берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрү (расмий документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылды;
- мурдагы прокурор Диляром Мамбетова КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 1-бөлүгү (кызматтык адам тарабынан өз ыйгарым укуктарынан аша чабуу) менен күнөөлүү деп табылды, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган жок.
Баары сот залынан бошотулду.
41 жаштагы таксист Кумарбек Абдыров кыз-келиндерди зордуктоо жана өлтүрүүгө шектелген. Алардын арасында 2015-жылы 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы да бар.
Ошол учурда Абдыров кармалып, биринчи инстанция аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакиров беренени «Каракчылыкка» өзгөртүп, Абдыровдун мөөнөтүн 7 жылга чейин кыскартуу менен өкүмдү жеңилдеткен. 2018-жылы Абдыров мунапыс менен чыккан, ал эми 2025-жылдын сентябрында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Айсулуу Мукашеваны зордуктап өлтүргөнү үчүн кармалган.
ИИМ белгилегендей, сурак учурунда Абдыров жана анын жакындары «жазадан качууга жардам берген» коррупциялык схема тууралуу айтып беришкен. Мекеменин маалыматы боюнча, мунун баары прокурор Д.М. жана жактоочунун ортомчулугу менен болгон. Алардын баары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
7-февралда Абдыров №21 тергөө абагынын камерасында асынып алган