www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу урап түшкөн бетон конструкциялары боюнча Курулуш министрлиги түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну тарабынан шаардын Ы. Монуев көчөсүндөгү Увам каналынын жээгинде жайгашкан эс алуу аймагындагы бетон конструкциясынын урап, айрым бөлүгүндө жарака пайда болгону тууралуу видео билдирүү келген.

Аталган эс алуу жайы 2025-жылдын октябрь айларында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, пайдаланууга берилген. Долбоор ошол учурдагы мэр Женишбек Токторбаев жетекчилик кылган мезгилде ишке ашырылган.

Курулуш иштери демөөрчү катары “Сапат Курулуш” компаниясы тарабынан жүргүзүлүп, объект толугу менен алардын каражатына салынган. Бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.

Ошондой эле курулуш иштеринин техникалык көзөмөлү жана аткарылган жумуштардын сапатына байланыштуу маселелер тиешелүү тартипте Ош мэриясы жана курулушту жүргүзгөн тарап тарабынан көзөмөлдөнүп келген.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости