www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн мурун Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Намибия Республикасына болгон алгачкы расмий сапарынын алкагында Намибия Республикасынын Эл аралык байланыштар жана соода министри Сельма Ашипала-Мусави айым менен жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-намибия мамилелеринин учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү перспективаларын талкуулап, саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, туризм жана «жашыл» энергетика тармактарындагы практикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Ж.Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Намибияны эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча позицияларынын жакындыгы бириктирерин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-намибия мамилелерин мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, саясий диалогду жана ар түрдүү тармактардагы практикалык кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.