www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Исабек Абдыгазиев мыйзамсыз алган 161,82 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Исабек Абдыгазиев 2005-2007-жылдары облус башчысынын орун басары болуп турганда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ат-Башы районундагы «Чар» токой чарбасынан 160,9 гектар жерди мыйзамсыз алган. Андан тышкары ошол жерге жанаша турган 0,9120 гектар жерди өз билемдик менен басып алып, уруксат документтери жок туруп мейманкана, кафе, ашкана, мончо жана башка имараттарды курган.

Бул фактыга байланыштуу Исабек Абдыгазиев кармалган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 161,82 гектар жер мамлекетке кайтарылган. Анын баасы 1 млрд 24 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Абдыгазиев имараттарды салып жатканда, жердин кунарлуу катмарын бузгандыгы үчүн 1 млн 175 миң сом айып пул төлөгөн.

Последние новости