www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун тургундары «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК экстремисттик уюмдарга каршы аракеттенүүнүн алкагында "Йакын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө жана Талас облусунун тургундарына карата түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө "Йакын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү аталган агымдын идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүштү жана тыюу салынган экстремисттик кыймылдын мындан аркы мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен баш тартышты.

Мындан тышкары, рецидив фактыларын болтурбоо максатында алардын айрымдарына УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.

Последние новости