www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелгендер кармалды, деп билдирди 24-февралда ИИМдин басма сөз кызматы.

2024-жылдын 20-декабрында милицияга «Кырк уруу жети дубан ынтымагы» коомдук уюмунун бир нече мүчөсү массалык башаламандыктарды даярдоо маселесин талкуулаган үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Андан тышкары алар жарандарды акцияларга жана митингдерге чакырышкан.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (зордук-зомбулук менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруу) менен катталды.

24-февралда ИИМдин Тергөө кызматы шектүүлөрдүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүп, төмөнкүлөрдү тапкан:

• гранаталар;

• кесилген мылтыктар;

• тапанча;

• ок-дарылар;

• камуфляж;

• баңгизаттар;

• диний адабияттар;

• балаклавалар;

• массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча нускамалар;

• мамлекеттик номурлар;

• уюлдук телефондор;

• флеш-карталар ж.б.

Тергөө кызматына жеткирилгендер:

• У.К., 1963-жылы туулган;

• Ч.А., 1956-жылы туулган;

• И.К., 1983-жылы туулган;

• Н.К., 1965-жылы туулган;

• И.Д., 1969-жылы туулган;

• Т.Ж., 1965-жылы туулган;

• О.И., 1967-жылы туулган;

• И.Ж., 1979-жылы туулган;

• А.К., 1975-жылы туулган;

• У.К., 1968-жылы туулган;

• К.Б., 1961-жылы туулган.

Шектүүлөрдүн баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты бар. «Сводка АКИpress» редакциясынын маалыматы боюнча, сөз Керимбеков Бакыт Макенович жөнүндө болуп жатат. Ал 2000-жылы, ошондой эле 2002-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.

Последние новости