www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин алдамчылыкка айыпталган уулу Данияр Ибраевге өкүм чыгарды.

Өкүм 20-июлда чыккан.

Данияр Ибраевди Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) 8 эпизод боюнча күнөөлүү деп таап, ар бир факт боюнча 5 жылдан эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда жаза мөөнөтүн жарым-жартылай кошуу жолу менен Ибраевди жалпы 7 жылга эркинен ажыраткан. Бирок сот Ибраевге карата пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошоткон. Жыйынтыгында Ибраевге 3 жылдык пробация белгиленген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Ошондой эле Данияр Ибраев 3 ай ичинде «Т.Г.К» ЖЧКсына 20 млн 946,9 миң сом, «Т.Г.Д.» ЖЧКсына 21 млн 967,7 миң сом жана К.А.М. аттуу жаранга 34 млн 296,3 миң сом материалдык зыянды кайтарып берүүгө милдеттендирилген.

Эскерте кетсек, быйыл 20-январда Данияр Ибраев Болгарияда кармалганы жана Кыргызстанга 15-февралда алынып келингени тууралуу кабарланган.

ИИМдин маалыматы боюнча, ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, жалпы 19 млн 821 миң доллар алган. Акча каражатын алган соң, Данияр Ибраев изин жашырып кеткен. Ал 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости