www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Укмуштуунун төөсү жорго”-демекчи учурма окуяны эптеп бир нерсеге орогонду кылдат үйрөнүп алган “аналитиктер” коомчулукту дүрбөлөңгө салууну көздөшөөрү турган иш. Өзгөчө “тажрыйба” менен эки жаатты кыл чайнаштырууга жанталбас кылгандар дагы бир “жомокту” токуп чыгара салышты. Башы жеткендер мыйыгынан күлүп тим болушту. Саманды самаркандан учурууга бел байлагандар кернейин кымкуут кыла бапылдатып жиберишти. Ой, жаңыдан бийликке келген ажонун түбүнө жеткени калышыптыр деп жер тепкилесе жанына киши чыдап туралбайт,чиркин!
Эми ошол “Мурси” деген долбоордун автору ким экенин билген киши барбы? Ошол “Мурсини” кайнатып жейби, же ачытып ашайбы эч ким билбейт. Ал банан сыяктуу болуп Африкада өсөбү, балким биздин эле “парникте” багылабы дегендер да жок эмес. Кыргыздын мээсине, менталитетине дал келбеген долбоорду кимдер колдонуп элдин башын айлантып жатышат болду экен? Андан көрө ачык эле биз бийликти алуу үчүн ушинтип бирдемкени токуганга өттүк дешсе оң болмок. Ушул элди будуң-чаң кылган авторду таап, манжаларын аттиш менен бурашса ажеп болмок. Чүчмөктөрдүн, чала жандуулардын кесепети элге тийбесе экен.
Булак: “Ачык сөз”