www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин административдик соту бүгүн, 14-мартта, Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду ээлеген талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карады. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.


Адвокаттын айтымында, соттук отурумда арыз берген тарап жана БШК өкүлү сүйлөп, териштирүү 15-мартта уланмай болду. Анда Боршайкомдун өкүлү Муртазалиевдин добуш сатып алуу факты боюнча соттук материалдарды тийиштүү түрдө тастыктап келүү үчүн отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирген.
Муртазалиев БШКнын дооматтарын четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттап жатат жана БШКнын чечимине каршы административдик сотко арыз берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости