www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-марттагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба  министринин орун басары баяндама жасап, ЕАЭКтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн сунуштарына ылайык, ветеринардык дары-дармек каражаттарынын бардык топторун өндүрүү үчүн улуттук мыйзамдарда лицензия жок экендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасында ветеринардык дары-дармек каражаттарын сатууга, өндүрүүгө, сактоого, көзөмөлгө алууга ж.б. лицензиялык уруксат берүүнүн  бардык топторун камтуу менен мыйзам долбоорунун эрежелери  иштелип чыккандыгы тууралуу маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев: "Ветеринардык багыттагы дары-дармектердин жетиштүүлүгүнө жана валюталык инфляцияга байланыштуу дефицит  катталбайбы?", - деген суроо узатып, кризистин алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи.

Ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо департаментинин директору Бектур Мурзабеков жооп берип жатып, ветеринардык дары-дармектер боюнча тартыштык катталбагандыгын айтып, дары-дармектер 60% Орусия, Нидерланд, Испания өлкөлөрүнөн, 20% Кытай мамлекетинен келээрин айтып, ветеринардык дары-дармектер жетиштүү экенин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн  сунуш, сын ой-пикирлер айтылган соң, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости