www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы жеке клиника жайгашкан №2 оорукананын имаратында неврологиялык бөлүм ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой 28-мартта, Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, бөлүмдөрдү кыдырып, Катар фонду каржылаган имараттын курулушу менен таанышты жана мурда "А.Исманкуловдун көз микрохирургиясы" клиникасы ээлеп турган оорукананын имаратын карап чыкты.
"Оорукананы кыдырып чыгуунун жыйынтыгында жетекчилик жана кызматкерлер менен бирдикте неврология бөлүмүн бошогон имаратка көчүрүү жана бошогон имараттын керебеттеринин санын 80ге чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg