www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдигинин өкүлү Дэвид О’Салливан бугүн Бишкекте брифинг өткөрүп, Кыргызстан менен Орусия ортосундагы соодага Евробиримдик каршы эмес, бирок Москвага жарыяланган санкциялардан буйтап өтүү дагы жакшы эмес деп билдирди. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, Евробиримдиктен Кыргызстанга келген товарлардын көлөмү 300 пайызга өскөн.

Бирок чындап эле Кыргызстандагы керектөө ушунчалык жогорулаганбы, же товарлар Кыргызстан аркылуу Орусияга кетип жатабы деген суроо туулат. Андай болгондо, Кыргызстан эл аралык тартипти бузган болот. Кыргызстан гана эмес, кээ бир башка өлкөлөр менен компаниялар дагы санкция эрежелерин бузат жана аны манен Украинадагы согушту токтотуп, кол салган тарапты жазалоо аракеттери жокко чыгууда.

Биз баарыбыз дүйнөлүк стандарт, европалык сапат, эл аралык кызматташуу дейбиз, бирок аларга жакындоо боюнча аракеттерибиз аз. Согушта Москваны колдоп, Батыштан Украинага курал берилип жатканга каршы чыккандар да табылат. Бирок курал берилбесе, Украина жөн гана жок болуп кетиши мүмкүн.

Последние новости