www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үндүккө сыйынган америкалыктар деген улут бар еврейлер башка көзгө чапкылап башкарат, мамлекеттик тили англис тилинен сыгып алган америкалык тил, калкы болсо ар кошкон метистер. Ушундай зор мамлекетти еврейлер башкарып тургандыктан кымындай Израил аларга таянып, бүт Арабияны титиретип турган жыйырмадай мамлекетке баш бербей Палестинаны өзү билип жанчып жатат? Американы башкарган еврейлердин акылдуулугунун сыры эмнеде? Нью-Йорктун бир мектептебинде IQ 170 тен ашкан 28 бала окуса, алардын ичинде 24 еврейлер болгон. Интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү ченеген IQ тести иштелип чыккан соң, еврейлерде интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр өтө жогору экени белгилүү болгон.  Орто эсеп менен IQ 100 балл деп эсептесек, орточо еврейлерде IQ - 110, ал эми 140 пайыздан жогоркулар башка улуттарга салыштырмалуу еврейлерде алты эсе жогору.

1. Туура жашоо образы жана тамактануу

АКШдагы атеисттерге салыштырмалуу еврейлер таза кандуу келишет. Ар бир тамактануунун алдында колдорду жуу, ар бир жумада эркектердин мончодо жуунушу жана аялдардын ар бир менструалдык айыз мезгилинен соң тазаланып турушу алардын таза кандуу экенинин белгиси. Еврейлердин мусулмандар сыяктуу чочконун этине тыюу салганы трихинеллез оорусунан сактаган. Ошондон улам, еврейлер аз оорушкан,алардын денеси аз запкы жегендиктен, акыл жөндөмдүүлүгү өрчүшүнө алып келген. Мындай көз караш бир гана жолу айтылып калган жок. Жон Хопкинс университетинде фармаколог Дэвид И. Махт иликтөө жүргүзгөн, еврейлердин ыйык китебинде тыюу салынган тамак-аштардын көпчүлүгү уулуу болуп эсептелет. Шерон Моалем жазган «Оорулуу турмуштан сактануу» деген китебинде Песах маалында кээ бир тамактарды жебей койгондун себебинен улам, 13 кылымда болуп өткөн чумадан жана келемиштерден сактап калган. Андан тышкары да бай еврейлер Чыгыш Европанын калкына караганда кенен үйлөрдө жашаша турган, ошондуктан бул болуп өткөн эпидемияда азыраак жоготууларга учураган.

2. Билимге өзгөчө көңүл буруу

Библияны өз баласына үйрөтпөгөн атасы мыйзам боюнча чоң күнөө кылган болуп эсептелинет, ошондуктан futurepundit.comдо Мариса Ландау еврей дини боюнча  балдарды билимсиз калтырбаш керектигин белгилеген. Андан тышкары еврей аялдары байыркы дүйнөдөн бери өтө сейрек кездеше тургандай билим алып, жазганды билип келген. Ландаунун айтуусунда еврейлерде жакшы адат бар, күйөө баласы окуп жаткан учурда 10 жыл боюу толугу менен материалдык жактан камсыз кылыш керек. Балким, «стипендия» дегенди еврейлер ойлоп табышы толук мүмкүн.

3. Балдардын милдеттүү мектептен окушу

Билим алууда баанын жогору болушу 2 жана 6 кылымдарда фермердик чарбалардын басымдуулук кылышы, көптөгөн еврейлердин христианчылыкка өтүп кетишине шарт түзүп, еврей калкы 4 жарым миллиондон 1,2 миллионго түшүп кеткен. Биринчиден, балдарын камсыздандырууга күчтөрү жеткен бай жана акылдуу еврейлердин балдары билим алышып, еврей бойдон кала беришкен, экинчиден, жазганды, окуганды тез өздөштүрүп алышкан бардык акылдуу балдар еврей бойдон кала беришкен. Ал эми кимдер башка улуттарга кошулуп кеткен? Албетте, билимсиз адамдардын балдары.

4. Шаарлардын өсүшү 

Белгилүү талаптар менен билим деңгээлин көтөргөн соң еврей балдары АКШда айылдардан шаарларга келишип, соода жана финансы, банк жана башка квалификациясы жогору турган кесиптерге өтө баштайт. Айылдын шаарга келе баштагандардын IQ көрсөткүчү өсө баштайт, шаар калкынын өсүшүнөн улам, технологиялар да өсө баштайт. Шаарда өскөн балдар айылда өскөн балдарга салыштырмалуу IQ көрсөткүчү боюнча жогору турат, ал эми еврейлер көпчүлүгү шаарларда турушат.

5. Диалектикалык жана рационалдуу ой жүгүртүү

Еврейлердин билимге умтулуусу - «диалектикалык» десе жаңылбайбыз. Талмуд-бул жөн гана «мыйзамдардын жыйындысы» эмес, тескерисинче тезистердин чоң жыйнагы. Еврейлерди бир гана кубулушту ар кандай жол менен табууга үйрөтүшөт, эмне тема болсо да өз көз-карашын айтууга мүмкүндүк берет. Раввин аргументтер өз ойлорун айтууга жардам берет, АКШда еврейлерди дебаттарда талашууга багыт берип келатышат.  Диалектика - бул еврейлер ойлоп тапкан нерсе эмес, бул грек философиясынын негизин түзөт, бирок еврейлер өздөрүнүн жолдоруна салып алышкан.

6. Акыл – эстин көбөйүшү

Иудеянын тексттери негизги басымды билимге, акыл-эске салышат, башы иштебеген адамдарды эң негизги кемчилик катары карашат. Ушундан улам еврейлер өздөрүнүн генофондун тапкычтык менен жогорулатып турат. Еврейлердин арасында эң акылдуу адамдар өтө бааланат, эркектер акылдуу аялдарга басым жасашып, өздөрүнөн жакшы гендердин чыгышы үчүн кам көрүп келет. Никеге турушкан соң окумуштуулар менен коммерсант еврейлер абстрактуу ой-жүгүрткөнгө жөндөмдүүлүгүн өстүрөт.

7. Тил үйрөнүү

Соодагер еврейлер өздөрүнүн товарларын сатып алуучуларды издешип, башында ислам дүйнөсүндө соода кылышса, кийин Бразилиядан резина, Кытайдан жибек сатып алышып, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына кезип жүрүштү. Соодасы өсүш үчүн алар көптөгөн тилдерди үйрөнүшкөн. Ар кайсы элдердин өз тилинде сүйлөшүү жеңил болгон, ошондуктан алар немецче, полякча, латышча, литвалыктарча, венгерче,орусча, украиналыктарча, французча, англисче жана башка тилдерде эркин сүйлөй алышкан. Бүгүн неврологдордун билдиргенине караганда көп тилди билүү акыл –эстин өнүгүшүнө, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө, абстрактуу ой-жүгүртүүгө, креативдүү гипотезаларды түзүүгө салым кошот.

8. Еврейлердин гениалдуулугу

Еврейлердин гениалдуулугу АКШдагы жөнөкөй кесиптерди расмий аткаруудан баш тарттырган, алар биздин заманга чейин 800-1700 жылдардан бери эле оорчулук жараткан жерлерде иштешпейт. Еврейлер соодада, бухгалтерияда, финансы, инвестицияларда машакаты жок акчалуу жерлерде иштешет. Христианчылыктын «сүткорлукка» каршы болгону, еврейлердин банк, финансы тарапта көп иштешине мүмкүнчүлүк берген. Алар математикалык жана логикалык ой-жүгүртүшкөндөрү үчүн башкаруу менеджменттерде көбүрөөк талап кылынат. Соодада жана бухгалтерияда мыкты иштегендер көп үй-бүлө күтүшүп, математикалык акыл-эси жагынан өнүгүшкөн.

9. Куугунтукталып дүйнөгө тарашкан

Эң акылдуу жана бай еврейлер АКШга эмне себептен барышкан? Инквизициядан, куугунтукталгандан, талоондордон, Холокосттон жана башка геноциддерден качышкан: биринчиден, башка мамлекеттерге көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон, экинчиден, алар көчүп барышкан АКШдагы улуттар менен социалдык жана экономикалык байланыштарды түзүшүп, өз келечектерин чыңдоого мүмкүнчүлүк алышкан. Башкалар менен байланышы жок еврейлердин кедей катмары, аянычтуулук менен жок кылынган.

Дайыма кайталанып турган еврейлерди кыруу, талап-тоноо, сүргүнгө айдоо мезгил-мезгили менен болуп турган. Вавилон тууралуу айтылып кетти. Кайсы жерде куугунтук болсо да, жолдоруна акча каражаттарын тапкандар, бай туугандары барлар, жогорку кызматта достору барлар өз жандарын сактап калышкан. Жогорку IQ көрсөткүчү барлар экономикалык жактан өнүгүүгө алып келген.

10. Позитивдүү ойлонуу

Еврейлерден башка эч ким толук позитивде ой-жүгүртүп, өз потенциалын толугу менен ачып иштебейт. Позитивдүү ойлонуу чындыгында IQ жогорулатат. Мичиган (Michigan State University) университетинин иликтөөлөрүнө караганда ой-жүгүртүүнүн ар кандай типтери интеллектин өсүшү үчүн абдан маанилүү.

11. Үй-бүлөдө колдоо

Комфорт жана үй-бүлөдө колдоо келечектен чоң үмүт тутантат. Неврологиялык деңгээл боюнча  ийгиликтер гана ийгиликтерди алып келет. Жеңиш гана кийинки боло турган жетишкендиктерге жол ачат. Еврей балдары адамзаттын өнүгүшү үчүн мындан да жакшы иштерди жасай турганын түшүнөт. Мындан да жакшы жыйынтыктарга жетиш үчүн катуу тартип керекпи?

Еврейлер кол көтөрүүнү эч качан жактырган эмес, бекем үй-бүлөлүк карым-катыш, дайыма колдоп туруу, эмгек кылганда толук көңүл бөлүү жана мыкты билим берүү зарыл. Андан тышкары балдар билим алыш үчүн жетишерлик киреше керек. Элиталык жогорку окуу жайларынан окуш умтулуш керек. Иликтөөчүлөрдүн айтымына караганда америкалык еврейлер еврей эместерге салыштырмалуу эки эсе көп иштешет жана 2,5 эсе көбүрөөк кыймылдуу мүлктөрү бар. Жыйынтыгында орто америкалык еврей 2,5 эсе көбүрөөк билим алат. Ал эмес орто кылымдарда көптөгөн еврейлер балдарын окутуу үчүн экономикалык статустары жогору турган.

12. Улуттар аралык нике

Интеллекти жана ой-жүгүртүүсү төмөн турган еврейлер башка элдер менен никеге турушуп, ошол элдерге сиңип кетишкен. Жыйынтыгында мыктылары гана калышкан. Ушундай көз караштарды башка далилдер менен да айтсак болот, акылы жок еврейлер, өзүнүн менчик динин сактагысы келбегендер иудаизмди башка динге алмаштырышып кете беришкен.

13. Даанышман мугалим

Көптөгөн америкалык раввиндерде «Эйнштейндин эмпатиясы» бар — абдан ак көңүл, чыдамкай, башка адамдарды сүйүп, түшүнгөн адамдар болгон. Жогорку деңгээлдеги мындай «эмпаттар» коомчулукта чоң таасир кылышып, туура идеяларды жылдырышып, общиналардын турмуш-шарттарын көтөрүүгө жакшы салымдарын кошкон.

14. Антисемитизмден корккондук

Еврейлер илимде, өз карьерасында, байлык топтоодо жогорку көрсөткүчтөргө жеткенге умтулушат, ошондуктан алар өздөрүн коопсуздукта сезип, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн антисемиттик көз караштарынан коргоодо тургусу келишет. Мындай көз караштар тарых барактарында еврейлер башынан өткөзгөн нечендеген куугунтуктардан улам чыкса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости