www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Эрнис Кыязов Кыргызстандын болочоктогу президентине кеңешин айтты. Бул тууралу ал Facebook баракчасына жазып чыкты.

1. Бийликке келген соң “...өлкөнү өнүктүрүп жиберейин десем, мурдагылар такыр эле талкалап кетишиптир да...” деп алакан жайып Акаевди, Бакиевди, Отунбаеваны, Атамбаевди, Жээнбековду, Жапаровду күнөөлөп эскилерге шылтамайды коюңуз.

2. Отуз жылда бүт талкаланган системаны бир жыл ичинде оңоп жиберүү мүмкүн эместигин айтып, “...убакыт бергиле да эми!” деп коргогучтар, мактагычтар аркылуу коргоп-мактаттырган дүжүр-салтты токтотуңуз.

3. Жеке бийликти орнотуу менен баарына калыс, баарына адилет болуп өлкөнү акыйкат башкаруу өтө кыйын экенин түшүнүңүз. Сизге өтө жакын болуп таасир талашкан: аялыңызга, туугандарыңызга, кайын журтуңузга, классташтарыңызга, курсташтарыңызга, досторуңузга, ар кыл кландарга жең ичинен эмне деп шыбырабаңыз, кантип көз кыспаңыз, анын аягы “биз шепке кирип чыктык” деген чаржайыт саясатка айланып өлкөнү мыйзамдын диктатурасы башкарбай эле, “первыйга” жакындардын куулугу башкарып калаарын аңдаңыз.

4. Акылдардын, идеялардын, пикирлердин атаандаштыгы бар жерде өнүгүү болот. Саясатта да тең ата атаандаштык керек. Бир колго мыкчылган бийлик канчалык адилеттикти тутунбасын, баары бир субъективдүү. Бийликти, жоопкерчиликти башкаларга бөлүшүңүз: парламентке, сотторго, өкмөткө, ММКга, оппозицияга. Калп шайлоолор, калп өкмөт, калп парламент, калп клон-партиялар, калп соттор, калп оппозиция – акыры барып президенттин башын жутат. А чын чынына келгенде, Президенттик институтту жөн эле бир насаат айтуучу, лента кесүүчү аксакалдык институтка айлантыңыз да, күчтүүлөр, акылдуулар парламенттик шайлоого катышып, ошол жактан татыктуу женип чыгып парламентке келе турган чыныгы ПАРЛАМЕНТАРИЗМди  курууга жан үрөңүз.

5. Бул бийлик кимдерден гана калбаган, бийликке кимдер келип кетпеген, бийликти кимдер кармап көрбөгөн... Сиз да Кудайдын амири менен бийликке келесиз, анан кетесиз. Ар нерсенин сурагы болоорун унутпаңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости