www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Таиландда өткөн беттеште жеңишке жетишти. "4-июнда Таиланддагы "Интернационал" стадионунда Дүйнөлүк мелдеш болуп өттү. Анда мен тай мушкери Сомчай Пхакпхум менен беттештим. Жеңиш үчүн күрөш оңой болгон жок. 3-раундда нокаут менен каршылашымды багындыра алдым", - дейт мушкер.

Ошондой эле ал 27-июнда Татарстанда Антон Калинин менен реванштык беттеши орун аларын, андыктан оюнга кызуу даярданып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, Дастан Шаршеев Татарстанда өткөн турнирде орусиялык Антон Калинин менен кез келген. Ал атаандашын 3-раундда нокдаунга учуратса да, калыстар жеңишти орусиялык мушкерге ыйгарышкан. Мындан улам Кыргыз спортчу рингден түшпөй койгон. Ага барган калыс депортация менен коркуткан, ага карабастан Дастан Шаршеев микрофонго өз нааразычылыгын айткан.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости