www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында күн мурун 7-июнда орун алган топтошкон мушташка катышып, кылмышка шектелип кармалгандардын бири Максат Касенов “Улуу Кыргызстан” партиясынын жетекчиси. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов 5news.kg ге билдирди.
Маалыматка караганда, Касенов өткөн чакырылыштагы шаардык кеңеште Кыргызстандын жаштар партиясынан депутат болгон. Каракол шаардык кеңешке болгон соңку шайлоого катышып, бирок өтпөй калган.
Ага инспектор берген маалыматка караганда, милицияга Каракол шаарынын тургуну кайрылып, күйөөсү Акысбекти Максат жана Тулпар аттуу тааныштары жанындагы башка балдар менен бирге эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин айткан.
Мушташка байланыштуу 2 жаран кармалып, аларга “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
“Мушташка 5-6 адам катышкан. Чыгыш мушташ өнөрүнүн машыктуруучусу 1977-жылы туулган жаран азыр реанимацияда жатат. Алынган жарааттар боюнча толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк жок. Жарааттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, - дейт Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
Спортчулар катышкан мушташтын себеби так аныктала элек. Айрым маалыматтар боюнча спорт мектептин азыркы жетекчилигин жактагандар менен ага каршы чыккандар арасында пикир келишпестиктен улам мушташ чыккан.
Булак: "5news.kg"