www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын Мусул шаарынын батыш жагында бир мектепке жасалган ракеталык кол салууда 81 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда ДЕАШ террордук уюмдун текшерүүсү астындагы 17 -  Июль аймагындагы Ел Вела мектебин бутага алган ракеталык кол салууда  мектепке баш калкалаган 34 киши эркек, 29 киши аял, 18 киши бала болуп жалпы 81 киши каза болду.

ДЕАШ менен куралдуу күчтөрдүн арасында чыккан кагылышуулардан улам жарандар коргологон мектептин кайсы күч тарабынан бомбалангандыгы азырынча белгисиз экендиги белгиленди.

Бир тараптан террор менен күрөшүү боюнча бөлүмүнөн капитан Али ел – Бехадили Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматта бөлүккө караштуу күчтөрдүн Ен – Нежжар мааласына жасалган ракеталык кол салууда ДЕАШтын аскердик башкаруусунан жооптуу Хабиб Абдулжеббардын каза болгондугун айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости