www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын философиясы жана маданияты жубайларды бири-бири менен сырдашып, маанилүү маселелерди чогуу чечүүгө ундөйт. Мусулман өлкөлөрүндө мындай көрүнүш кээде эле байкалып, көп эркектер башына түшкөн түйшүктөр жөнүндө аялы менен бөлүшүүнү туура корүшпөйт. Себеби ата-энеси аларды бала чагынан чыдамкайлыкка үйрөтөт. Жыйынтыгында, миндеген жубайлар жылдап бирге өмүр сүргөнү менен, чогуу отуруп көпкө сүйлошө алышпайт. Андыктан түгөйлөрдү ойго батырган нерсе түбөлүккө сыр болуп кала берет…

Төмөндөгү маалымат эркектерди тынчсыздандырып, бирок сыр бойдон калып келген көйгөйлөр тууралуу болмокчу. 

Эн биринчиси, эркек сизден сый-урматты күтөт.

Аялдар күйөөлөрүнүн сүйүүсүн калап турса, эркектер түгөйлөрүнөн «ардак» күтөт. Мусулман айым бул тууралуу билиши зарыл, себеби эркек үй-бүлөсүн багыш үчүн өз күчүн аябайт. Эми элестетип көрсөнүз – аял эрте-кечти карабай эмгектенип жүргөн эркекке жаман мамиле кылып турса! Айым күйөөсүн сүйүп, бирок сыйын көрсөтпөсө, эркек бат эле башка бирөөнү жактырып калышы мүмкүн.

Ал сиздин колдоонузга муктаж.  

 Түгөйү ишенич арттырып турбаса, үй-бүлө көпкө сакталбайт.

Эркек төмөнкү учурларда сиздин берилгендигинизге шек санабашы керек:

- Эгер ал жуушунан ажырап, акча таппай үйдө отуруп калса;

- жаны иш баштап, бирок жолу болбой турган кезде;

- репутациясын жоготуу алдында турса.
Мындай оор учурларда сиз күйөөнүздүн жанында болушунуз керек.

Эркек жыныстык мамилелердин көп болуусун каалайт.

 Андыктан айымдар адатка айланган шылтоолорун калтырганы туура чечим болот.

Эркек башка аялдар тууралуу да ойго батат.

Бүт эркектер башка аялдар жөнүндө ойлонушат, бирок мындай көрүнүш күйөөнүз ойнош күтүп же токол алайын деген ою  бар экендигин далилдебейт.

Ал сизди бактылуу кылгысы келет. 

Ушу себептен, эгерде күйөөнүз сизге сөйкө же шакек белек кылса – жасалгалоолорду тагынып жүргүлө. Унаа белек кылса – машинени сыймыктанып айданыз. Сиз каалабаган маркадагы унаа же сизге өтө жакпаган сөйкө болсо, ага ачык айтып, жүрөгүн жаралабагыла.

Сиздин мактоонуз аны көккө учурат.

Албетте, бардык эле аялдардын күйөөлөрү эталон эмес.  Кандай болбосун ар бир эркектин мактоого татыган өнөрү же жумушу бар. Жакшы мамиленизди  күнүмдүк жашоодо көрсөтсөнүз, түгөйүнүздүн сизге болгон көз карашы жогорулайт. 

Айтпаса да сизди жакшы көрөт. 

Эркектер сезимдер тууралуу айта беришпейт. Алар өз эмоцияларын болгону 2 учурда көрсөтө турганы баарыбызга малым болсо керек, – спорт жана саясат тууралуу. Ошондуктан күйөөнүз сизге кам коруп, таарынтпай турса – сизди сүйөт экен деп билиниз.

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости