www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармактарда коронавирус илдети мусулмандарга жугат же жукпайт деген талкуулар айтылып келинген. Ал тургай Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Си Цзиньпин мусулмандардан кечирим сурады деген фантазияларга да күбө болгонбуз.

Илдет мусулмандарга жугары жана жукпашы тууралуу кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов өз пикирин билдирди: “Коронавирустун таралышынан баары коркуп турат. Ушуну менен бирге айрымдар мусулмандар коронавирус менен оорушпайт. Анткени каапырларды (мусулман эместерди) Аллах жазалап жатат деп да чыгышты.

Менин оюмча эң коркунучтуусу-вирус эмес, процесстерди түшүнүү жана мамиле. Башкача айтканда, динге өзгөчө таянуу стреотиптерге, диний ой-жүгүртүүгө, адашууга алып келет. Дагы бир ирет логикага салып, ислам талап кылган илимий жактан кароого чакырам.

Биринчиден, вирус менен мусулмандар, азиаттар, европалыктар баары бирдей оорушат. Ошондуктан пайгамбарыбыздын гигиена, оорунун алдын алуу жана дарылоо боюнча сүннөтү бар”,-деп айтып, андан ары сөзүн улап орто кылымдарда Жибек жолунан он миңдеген мусулмандар өтүп, алар чума оорусун жуктуруп каза болгондугун айтты.

“Мусулман доктору, хафизи жана илимпозу Абу Али ибн Сина алгачкы ирет Бухара менен Самаркандда карантин деген түшүнүктү киргизген. Убактылуу базарларды жаап, жума мечитке чогулбай, дезинфекциялоо үчүн уксус колдонгон, селдени беткап иртениде колдонушкан. Кийин чума илдети Европаны көздөй тарап кеткен.

Ислам боюнча оору кимгедир сыноого, кимгедир жазалоого берилет. Аллахтан башка эч ким жамандык менен жакшылык кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүтөөрүн билбейт.  

Мындан сырткары Сауд Арабиясы бардык зыяратчылар үчүн чек арасын жапты. Эгерде коронавирус менен мусулмандар жабыркабаса, оорубайт деп айтышмак, өзгөчө ыйык шаарларда. Биз илдеттин алдын алып, бейтаптарга туура мамиле жасап, андан кийин Аллахка таянууга мезгил жетти”,-деп жазган дин таануучу Кадыр Маликов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости