www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Маданият министрлиги сүрөтчү Александр Волковдун 1932-жылы тартылган «Жүгөрү шуудурайт» сүрөтүнүн Фергана облустук музейинен уурдалышы боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Жүгөрү шуудурайт» сүрөтүнүн оригинал жана жасалма түрү.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринин айтымында, «Жүгөрү шуудурайт» чыгармасын 2009-жылы Ферганадагы мунайды кайра иштетүү заводунун мурдагы директору Журат Меликулов Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага белекке берген.

Каримова бул сүрөттү ушул эле жылы орусиялык кутюрьенин бирине тартуулаган.

Ферганадагы мунайды кайра иштетүү заводунун мурдагы директору Журат Меликулов 2014-жылы компаниянын 100 миллион долларын уурдоо айыбы менен 15 жылга соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости