www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Музыкант Викрам Рузахунов Кыргызстанга кайтып келди

Алматыдагы башаламандыкка катышкан деп шектелип кармалып, кийин бошотулган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Бишкекке кайтып келди.

Рузахунов кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети аркылуу консулдун автоунаасы менен өткөнүн аны тосуп алууга барган жарандардын бири билдирди.

Жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" - бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган.

Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырган.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости