www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин онлайн режиминде өткөн кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү.

Президенттин басма сөз кызматы министрлер кабинетинин башчысынын сөзүнүн толук текстин таратты:

«Урматтуу Никол Воваевич, Урматтуу кезексиз сессиянын катышуучулары!

Биринчиден, актуалдуулугу жана маанилүүлүгү шексиз болгон бүгүнкү жолугушууну уюштургандыгы үчүн армян тарапка ыраазычылык билдиргим келет.

Кагылышуулардын натыйжасында каза болгондорго байланыштуу казак тарапка дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Казакстан биздин эң жакын союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз, казак тарап менен тилектештикти билдирүү биздин бүгүнкү милдетибиз.

Дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр, «саясий катаклизмдер», коопсуздукка чакырыктардын жана коркунучтардын трансформациясы жана башка факторлор ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарында түзүлүп жаткан аскердик-саясий кырдаалда түздөн-түз чагылдырылат. Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуялар буга далил.

Учурдагы мамлекет ичиндеги процесстерди пайдаланып, деструктивдүү элементтер мамлекеттүүлүктү, коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү бузуу үчүн террордук аракеттерин бириктирип, ошол эле учурда башаламандыктын, өзүм билемдиктин жана кылмыштуулуктун кеңири жайылган атмосферасын түзүүдө.

Ушул өңүттө, казак тараптын ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун механизмдерин азыркы шартта активдештирүү демилгеси, албетте, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздукка карата чакырыктар жана коркунучтар боюнча көз караштарынын биримдигин ырастайт.

Топтолгон потенциалды эске алуу менен Уюмду түзүүнүн жана ишинин фундаменталдуу принциптери, анын тышкы саясий жана аскердик компоненттери бардык гибриддик көрүнүштөрдөгү кризистик кырдаалдарга өз убагында жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө Казакстан Республикасындагы кырдаалды толук турукташтыруу негизги артыкчылык болуп калууда.

Урматтуу отурумдун катышуучулары!

Алгачкы күндөрдөн тартып биз боордош Казакстандагы окуяларга тынчсыздануу менен көз салуудабыз. Биз терроризмге анын бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршыбыз. Биз Казакстан Республикасында кырдаалдын тезирээк нормалдашуусуна, тынчтык менен тартиптин орношуна чын жүрөктөн кызыкдарбыз.Бүгүнкү күндө өз ара алгылыктуу чечимди табуу жана абалдын мындан ары курчушуна жол бербөө болуп көрбөгөндөй маанилүү.

Казакстан Республикасынын президенти, урматтуу Касым-Жомарт Кемелович Токаевдин ЖККУнун алкагындагы милдеттерге ылайык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуусунан кийин дароо эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуу иштерине катышуу мандаты менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн чектелген контингентин жөнөтүү чечимин кабыл алды.

7-январда Кыргызстандын парламентинин кезексиз жыйыны өтүп, анда бул чечимди көпчүлүк депутаттар колдоду.Ушул эле күнү, 7-январда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 150 адамдан турган тынчтыкты сактоочу аскер контингенти Казакстан Республикасына учуп кетти. Анын ичинде тажрыйбалуу офицерлер жана контракттык аскер кызматчылары, ошондой эле 8 даана БТР жана 12 даана автомобиль техникасы.

Коңшу өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн мындан ары да бардык күч-аракетти жумшоого даяр экенибизди баса белгилегим келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости