www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мьянманын коопсуздук күчтөрүнүн өткөн жылы февраль айындагы төңкөрүштөн бери кеминде 114 баланы өлтүргөндүгү билдирилди. БУУнун өкүлү Фархан Хак: «2021-жылы 1-февралдагы төңкөрүштөн бери жаштары 3–17 болгон кеминде 114 бала набыт болду.  Алар ичинен 18и январь айында коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн», - деди Хак.

Жабыркаган балдардын санынын дагы көп экенин белгилеген Хак 2019-жылы Мьянма кол койгон БУУнун Балдар укуктары боюнча конвенциясына ылайык, өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнө балдардын укуктарын коргоо боюнча милдеттерин эскертти.

Мьянма армиясы 2020-жылдагы жалпы шайлоодо мыйзам бузуулардын  ортого салынышы жана өлкөдө саясий чыңалуунун болушунан кийин 2021-жылы 1-февралда башкарууну колго алган.

Мьянма армиясынын төңкөрүшкө каршы демонстранттар жана козголоңчу топторго каршы куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында ушул убакка чейин 902 киши каза болду.

Саясий туткундарга жардам уюмунун (AAPP) маалыматы боюнча, каза болгондордун саны 1400дөн ашса, 10 миңге жакын адам кармалган.

Өлкөдө кенен масштабдуу митинндер уланып, жогорку мартабалуу жетекчилердин аскердик сотто соту уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости