www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылышына барган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (TDH) кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусунун келечегин талкуулады. Түркмөн президенти "Борбор Азия — Кытай" газ куурунун төртүнчү (D) бутагын куруунун эсебинен Кытайга жаратылыш газынын экспортун көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Аталган газ куурунун "А", "В" жана "С" бутактары 1830 чакырымга созулат жана жылына 55 миллиард куб метр газ өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул газ кууру аркылуу жаратылыш газы Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан Кытайга экспорттолот.

Кытайдын Улуттук газ корпорациясынын маалыматына ылайык, газ түтүгүнүн курулуп жаткан төртүнчү бутагы Борбор Азиядан Кытайга жеткирилип жаткан жаратылыш газын жылына 30 миллиард куб метрге чейин көбөйтөт.

"Борбор Азия — Кытай" газ куурунун төртүнчү бутагы Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан аркылуу өтөт. Бүгүнкү күндө анын Тажикстандагы бөлүгүнүн курулушу башталганы кабарланууда. Газ куурунун жалпы кубаттуулугу 85 миллиард куб метрди түзөт.

2021-жылы июль айында Кытай газдын 1000 куб метри үчүн Түркмөнстанга 238 доллардан төлөп жатканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости