www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик тил – мамлекеттүүлүктүн түркүгү. Тилге болгон мамиле – улутка болгон мамиле. Акыркы учурда Жогорку Кеңеште жана мамлекеттик мекемелерде мыйзам долбоорлоруна кыргыз элине түшүнүксүз болгон арабча терминдерди киргизүү күчөп баратканы адатка айланып баратат. Бул кооптуу!
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева “такафул” деген терминди мыйзам долбооруна киргизүүгө каршы чыгып, кыргыз тилинин байлыгын жана мамлекеттик тилдин макамын эске салганы жөн жерден эмес. Чынында эле, “такафул” деген сөздү карапайым элдин канчасы түшүнөт? Эл үчүн жазылган мыйзам элге түшүнүктүү болушу керек да. Эгер мыйзамдын тили бөтөнчө болуп, терминдери түшүнүксүз болсо, андай мыйзамдын кандай зарылдыгы бар?

“Манастын тили – бай тил” деген депутаттын сөзүндө чоң маани жатат. Кыргыз тили миңдеген түшүнүктөрдү бере алган, кылымдарды карыткан зор маданий мурас. Буга дейре дагы “өнөктөштүк”, “шериктештик”, “кепилдик”, “орток иш” деген сыяктуу сонун сөздөрүбүз туруп, “мушарака”, “шарика”, деп тил сындырган терминди мыйзамга күчтөп тыгышкан. Бул жерде маселе жөн гана терминде эмес. Маселе — мамлекеттик тилге болгон мамиледе.

Айрым мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар “эл аралык термин” деген шылтоону калкалап, арабдын түшүнүксүз сөздөрүн мыйзамга тыгып жатышат. Бирок мамлекеттүүлүктү бекемдей турган негизги факторлордун бири – мамлекеттик тил экенин биздин “эссиздер” эске албай жатканы өкүндүрөт. Эгер мыйзамдын өзү кыргызча ой жүгүртүүдөн алыстап, бөтөн түшүнүктөрдүн көчүрмөсүнө айланып калса, анда эртең мамлекеттик тилдин тагдыры кандай болот?

Мамлекеттик тил мыйзамдын, саясаттын, экономиканын, илимдин тили болушу керек. Болбосо ал жөн гана майрамдарда айтылган ураан бойдон калат. Кыргыз тилине күйбөгөн мамлекеттик кызматкер мамлекетке да күйбөйт. Себеби, тил – улуттун жаны, мамлекеттин жүзү.

Бүгүн мыйзамдарга “мушарака”, “такафул”, “шарика” сыяктуу сөздөрдү таңуулап жаткандар эртең кыргызча ой жүгүртүүнүн өзүн жокко чыгарган деңгээлге жетиши мүмкүн. Ошондуктан мындай көрүнүштөргө коомчулук дагы, интеллигенция дагы, журналистика дагы кайдыгер карабашы керек.
Мыйзам эл үчүн жазылат.

Демек анын тили да элдики болушу шарт. Кыргыз мамлекетинде кыргызча түшүнүктүү мыйзам жазуу – милдет, ал эми мамлекеттик тилди тоготпоо – улуттук аң-сезимге каршы жасалган чоң ката.

Последние новости