www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ООНдун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Берхам Салих Бакуда өткөн форумда дүйнөдө болжол менен 117 миллион адам согуш, зомбулук жана куугунтук себептүү мажбурлап жер которууга дуушар болгонун билдирди. Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктар бул көйгөйдү күчөтүп, убактылуу баш калкалоо көптөр үчүн узак мөөнөттүү жашоо шартына айланып жатат.
Салих турак жай маселеси гуманитардык жардам гана эмес, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү саясатынын негизги бөлүгү болушу керектигин белгиледи. Ал качкындарга турак жай жана эркин жүрүү мүмкүнчүлүгү берилсе, алар кабыл алган коомдордун экономикасына жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошорун айтты.