www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ажылык сапар санариптештирилет. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ажылык сапарга бара тургандар каттоодон өтүп, акча каражаттарын төлөөгө чейинки бардык процесстер электрондоштурулат. Бул үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат.
"Тиркемеде ажылык сапарга камданган ар бир жаран үйүндө отуруп эле төлөмүн аткарып, кезекке турууга мүмкүнчүлүк ала алат. Муну менен ажылык сапарга барганга чейин бардык иштер санариптештирилет десек болот. Бул өз кезегинде жарандарга эч кандай кыйынчылыктарды жаратпай, иштерди жеңилдетет. Ажылыкка баргандарга Кыргызстанда да, Сауд Аравиясында да электрондук коштоолор болот", - деди ал.