www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мыйзамсыз лотерея өткөргөн уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан кандай гана багытта болбосун уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында кылмыштуу топ тарабынан эч кандай уруксат документтери жок, Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузуу менен «Ош сила» фиктивдүү лотереясын өткөрүү жолу менен алдамчылык схемасы уюштурулгандыгы аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган лотереянын уюштуруучулары лотереянын катышуучуларынын акчасын алуу жана жеке баюу максатында лотерея ойнотуп, анын жыйынтыгында жасалма жеңүүчүлөр аныкталганы такталган.
Көптөгөн катышуучуларды тартуу үчүн лотереяда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк (унаа, батир, жер) түрүндөгү кымбат баалуу байгелер ойнотулган. Ал эми жеңүүчүлөр атайын дайындалган (жалган) адамдар болгон жана бардык байгелер лотереянын уюштуруучуларында калган. Муну менен алар жасалма байгелер менен карапайым жарандарды адаштырып, алдамчылык иштеринен түшкөн пайданы көбөйтүшкөн.
«Ош сила» лотерея кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында буюм далилдери — лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, тираж үчүн барабан, мыйзамсыз лотереяларда байге катары колдонулган автоунаалар, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракетти тастыктаган документтер табылып, алынган.
Бул факты боюнча алдамчылык (КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту) боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз лотереянын уюштуруучулары К.у.К. жана Б.М.А. кармалып, № 21 тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК КРнын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, КР аймагында профессионалдык лотереяларды уюштуруучу «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы болуп саналаарын эскертип, жарандарды билеттерди сатып албоого жана мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат.