www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда алгачкы жолу имамдарга мамлекеттик төлөмдөр дайындалды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 27-февралда республикалык жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы 235 имам-хатибге айлык акы дайындалып, ар бирине 8000 сомдон төлөнгөн. Ал эми 2026-жылдын февраль айынан баштап 4000ден ашуун имам 15 000 сом өлчөмүндө маяна алышат.
Байсалов 2025-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кызматтык автоунаалар берилгендигин да маалымдады.