www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу жабылды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта саат 18:45 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 51-чакырымында болжол менен 10-15 куб метр таш түшкөн.

Учурда унаа жол жабык, жабыркагандар жок. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылып, түшкөн таштын көлөмү чоң болгонуна байланыштуу техниканын кубаттуулук күчү жеткен эмес.

Бүгүн, 3-августта жолго түшкөн ташты жардыруу жолу менен тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости