www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинги уставдык капиталын 7,1 миллиард сомго көбөйтүү үчүн акциялардын кошумча көлөмүн чыгарат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайты билдирди.

Мындай чечим акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынды. Холдинг 71 миллион жөнөкөй аталыштагы акцияларды чыгарууга ниеттенүүдө. Ар биринин номиналдык баасы 100 сомду түзөт.

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинги 2021-жылы декабрда түзүлгөн.Уюштуруучусу Каржы министрлиги, ал эми, директору Теңиз Бөлтүрүк.

Холдинг мамлекеттик үлүшү бар бардык тоо-кен компанияларын башкарат.

Алгач холдингдин уставдык капиталы 100 миллион сомду түзгөн. 2022-жылдын ичинде аны 1 миллиард сомго жеткирүү пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости