www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун айтымында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы аркылуу тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда өлкө калкы менен аймагын жарандык коргонуу жаатында келип чыккан укуктук мамилелер жөнгө салат. Ал эми сунушталып жаткан мыйзам долбоору техникалык гана өзгөртүүлөр болуп саналат.

Ошондон улам, мыйзамдардагы жарандык коргонуу, жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму, Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жарандык коргонуунун башкаруу органдары, кыйроодон куткаруучу кызмат, кыйроодон куткаруучу кошуун деген атоолор менен түшүнүктөр өз ара шайкеш келтирилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости