www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда мыйзамсыз орган армаштыруу менен алектенген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Донорлордун арасында Өзбекстан, Украинанын жарандарынан сырткары кыргыз жарандары да бар болгон. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 2019-жылы Казакстанда киши сатуу беренеси боюнча 141 кылмыш иши козголгон. Анын ичинде кишинин органдарын жана ткандарын сатуу боюнча 59 кылмыш иши козголгон.

Ушул жылы Казакстанда 2017-жылдан бери киши органдарын сатуу боюнча мыйзамсыз иштерди кылып келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Кылмышкерлер Казакстанга Украина, Өзбекстан, Кыргызстандан донорлорду жана Израиль жарандарын реципиент катары алып келип, бөйрөк алмаштырып турушкан. Жалпысынан 57 мыйзамсыз операция жасалган.

Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, июль айында белгилүү казак дарыгери, трансплантолог Гани Куттымуратов мыйзамсыз орган алуу боюнча шектелип кармалган. Аны менен кошо  кыргыз жараны да кармалган, ал донорлордун котормочусу болгон.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости