www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экспорттолуп келген кулпунай, банан жана алманы байкап жегенге туура келет. Себеби, алардын ичинен кадимки тигүү ийнелери чыккан учурлар бар.

Бул окуя көптөн бери Австралияда ызы-чуу жаратып жатат. Ийнелер буга чейин Квинсленд штатында табылса, кийин ал өлкөнүн башка штаттарына дагы таркап кеткен. Учурда Виктория аймагында пайда болду.

Буга чейин кулпунайдан табылган ийнелер боюнча, полиция 200 дөн ашык жергиликтүүлөрдүн арызын кабыл алышкан. Жыйынтыгында, Австралиядагы кулпунай өндүргөн фермада супервайзер болуп иштеген, вьетнам улутундагы Май Ут Тринх аттуу айым кармалган. Анын мындай кадамга атайылап барганы белгилүү болгон. Бирок, күнөөлүү жасаган кадамын моюнга алып, анын себебин жумуш берүүчүлөрдөн өч алуу экендигин билдирген соң, сот аны күрөөгө бошоткон. Болбосо өч алгыч айымдын кеминде 15 жылга соттолору айтылып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости