www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысын кармашты. Бул тууралуу Фиполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган А.О. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, салык кызматынын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандын жарандарынын атына (жарандарга айтпай, алардын катышуусуз) патенттин мыйзамсыз берилишине өбөлгө түзгөн.

Андан кийин, салык кызматкери алардын атына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарларды ташып келген. Бирок, салык төлөгөн эмес, жалпысынан бюджетке 6 миллион сом салык төлөнгөн эмес.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди, бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости