www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-октябрда мени президент жана башка көптөгөн адамдар төрага болушуң менен деп куттукташкан. Ал эми 10-октябрда кворум жок деп президент токтомду кайра артка кайрыды. Менин оюмча мындай болбошу керек, деди Мыктыбек Абдылдаев бүгүн, 14-октябрда мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан жыйында.
«6-октябрда депутаттын көбү чогулдук эле. Ушундай кырдаалда кичине парламентке баш-көз болуп туруңуз дегенинен төрагалыкка макул болгом. Ошол жерден депутаттар жана ишеним кат менен келгендер добуш берип, мени төрага кылышты. Андан кийин мага мамлекет башчы жана көптөгөн адамдар төрага болушуңуз менен куттуктайбыз дешти. 10-октябрда да ошондой эле жыйын өттү. Эмне үчүн анда президенттин аппараты 10-октябрда өткөн жыйынды легитимсиз деп, ал эми 6-октябрдагы жыйында мени төрагалыкка койгондон кийин президент баш болуп куттукташты? Бул да чоң маселе. Ошондуктан мындайда эки ача ойдон чыгып, биз бир түз жол менен кетишибиз керек. 8-9-10-октябрда президент мага өзү чалып, сүйлөштүм. Ошондо айтты: «Мыктыбек Абдылдаев, колуңуздан келишинче өлкөнү кризистен чыгарганга жардам бериңиз», - деп. Ал эми 10-октябрда болсо, кворум жок деп президент кайра токтомду артка кайрыды. Менин оюмча мындай болбошу керек», - деди Абдылдаев.
Булак: NazarNews.kg