www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда маалымдалгандай, кечээ, 12-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Флоридадагы шайлоо митингинде сөз сүйлөдү. Митинг учурунда ал АКШ президенттигине талапкер Жозеф Байден, Россиянын Президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын акыл жөндөмдөрүн салыштырды.

Россия, Кытай жана Түндүк Кореянын лидерлери жөнүндө сөз кылып жатып, Трамп "аларда 100 пайыз курч акыл бар" деп баса белгиледи. Трамп ошондой эле атаандашы Байден көп нерсени унутуп жатканын, анын эс тутуму башаламан болгону жөнүндө сөз кылды.

Эске сала кетсек, президенттикке талапкерлер шайлоо учурундагы биринчи дебат учурунда бири-бирин ар кандай мазактоочу сөздөр менен "мазакташкан". Маалымат үчүн, АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында өтөт.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости