www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип дүйнө жүзүнүн үшүн алган дарт коронавирус өжөрлүк менен жайылып, дүйнө жүзү дүрбөлөңгө түштү. Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстанга дагы аты аталган ооруу келип жетти. Өкмөт 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу элге кайрылып, өзгөчө кырдаалдын режимине айрым жарандар жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатканын сындады. Эми дүйнө жүзүндө карантинге алынгандар мыйзамды бузса кандай чара колдонулуп жатат сарасеп салып көрөлү.

Аргентинада карантиндин эрежелерин бузгандар 3 жылдан 15 жылга чейин эркиндиктен айрылып же 1 600 доллар айып акча төлөшөт.

Сингапурда 6 ай камакка алынып, же 7 000 доллар айып акча салынат.

АКШда жаза оорураак. Карантиндин эрежесин бузса 250 000 доллар айып акы салынат же 2 жыл камакка алынат.

Францияда саламаттыкты сактоо министрлигин буйругу менен ар кандай чара колдонулат.

Италияда карантинди бузгандыгы үчүн 3 ай камакка алынат же 206 евро төлөйт.  

Украинада карантинге алынган адам оорууну башка адамга жуктурса эч кандай айып акча төлөбөйт, 5 жылдан 8 жылга чейин камакка алынат.

Түштүк Кореяда карантиндин эрежесин бузгандарга 8 200 АКШ доллар айып акча салынып, 2 жылга чейин камакка алынат.

Испания эч кандай камакка албайт, болгону 1 500 евродон 600 000 еврога чейин, Мальтада 14 000 евро, Польшада 1200 евро, Словакияда 1 650 евро, Хорватияда 1 100дөн 15 000 евро, Чехияда 130 000 доллар айып акча салынат.

Кытайда карантин эрежесин бузгандыгы үчүн 700 доллар айып акча салынат жана 3 жылга чейин камакка алынат. Эгерде атайлап эрежени бузса 10 жылдан, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө камалып же өлүм жазасына тартылат.

Ал эми Кыргызстанда карантин эрежеси бузулса, “чылык-чылык-кыргызчылык”, телефон чалуулар болуп атып, керек болсо чет өлкөгө “ыштан” кийгизип качырып жиберебиз...Биз ушундай айкөл калкпыз, аткаминерлерибиз деле айкөл...элдерибиз деле айкөл, эртең көчөгө чыкпагыла десе, сөзсүз чыгып алышат...

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости