www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына сага Кытай!

Кытайда бир жылда 160 миң адам коррупция жана партиянын эрежелерин бузган деп айыпталып, жазага тартылган 2017-жылы Кытайда 160 миңдей адам коррупция жана партиянын эрежелерин бузган деп айыпталып, жазага тартылган.

Бул тууралуу Кытайдын Коммунисттик партиясынын этика боюнча борбордук комиссиясы жарыялады. Кылмыш иши козголгондордун 50 миңге чукулу өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу иштерин так аткарган эмес деп айыпталган.

Ал эми 61 миң адам партиянын ички эрежесин бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Ошондой эле 670 ири коррупциялык иштер боюнча документтер коомчулукка ачык жарыяланган.

Партиянын маалыматы боюнча, Кытай акыркы жылдары өлкөдөн качып кеткен коррупционерлерди артка кайтаруу иштерин да колго алган.

Натыйжада эң ири коррупционер делген 100 адамдын 14ү Кытайга кайтарылган. Бул иштерден өлкө казынасына бир жылда 980 млн юан (151 млн доллар) пайда түшкөн.

Булак: "Марал радиосу"

Последние новости