www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына сага жаңылык! Коронавируска каршы эмделип унаа утуп ал

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделген жарандардын арасында баалуу байгелер, тактап айтканда, автоунаа ойнотулат, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Сынакка 2022-жылдын январь, февраль жана март айларында эмдөө сертификатын алган өлкөнүн жарандары катыша алат.

Кайсы моделдеги автоунаа ойнотула турганы азырынча тактала элек.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги иш берүүчүлөрдөн 20-январга чейин кызматкерлерин эмдөөнү суранып, ошондой эле эмделбегендерди жумушка чыгарбоого чакырды.

Буга чейин мамлекеттие мекемелерде эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер ишке киргизилбей турганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости