www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМУнун кызмат адамдарына иш козголду. Нарматовага мыйзамсыз түрдө диплом берилгенби?

ЖАМУнун кызмат адамдарына иш козголду. Нарматовага мыйзамсыз түрдө диплом берилгенби?

Журналист: АЙДАНА ТААЛАЙБЕК КЫЗЫ
15.01.2022, 2:37
10468
|

 УКМКга Нарматова Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ) мыйзамсыз түрдө дароо үчүнчү курска тапшырганы боюнча маалымат түшкөн.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызмат адамдарына Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз негизде кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Ага ылайык, парламенттик шайлоо жүрүп жаткан кезде УКМКга Нарматова 2013-жылы орто кесиптик билими боюнча диплому менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ) мыйзамсыз түрдө дароо үчүнчү курска тапшырганы боюнча маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда Нарматова ЖАМУга өтүш үчүн жасалма диплом колдонушу мүмкүн деген да божомолдор болгон.

"Факт боюнча иш козголуп, тергөө учурунда ЖАМУда Нарматованын орто кесиптик билими бар-жогун тастыктаган бир дагы документ жок экени аныкталды. Бул нерсе анын окуу жайга мыйзамсыз өткөнүнөн кабар берет. Мындан тышкары, сессия жана экзамен тапшыруу учурларында Нарматова Кыргызстандын аймагында эмес, Россияда жүргөнү белгилүү болду. Бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары дипломду мыйзамсыз бергенин далилдейт", — деп айтылат маалыматта.

Козголгон бул иш боюнча Орозайым Нарматова УКМКга күбө катары сурак берүүгө чакыртылганы айтылды. Анын жыйынтыгы боюнча жогоруда айтылган фактыларга юридикалык баа берилет.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями