www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын Батышка карата “сабыры түгөнгөнүн” маалымдап, “коопсуздук кепилдиктери” боюнча талаптарга кагаз түрүндө жоопту бир апта күтүшөрүн айтты. Бул тууралуу ал 14-январда жылды жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында билдирди.

Ал бул аралыкта жооп болбосо Орусия кандай кадамга барарын тактаган жок.

Ушул аптада аталган темага байланыштуу үч сүйлөшүү өттү. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушкан. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Москванын өкүлдөрү 13-январда Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) жетекчилери менен Венада кездешкен.

Жолугушууларда орус тарап койгон “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтому каралды. Москва аскердик альянска “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.

Бул жолугушууларда АКШнын, ЕККУнун жана НАТОнун өкүлдөрү Түндүк Атлантикалык аскердик уюмдун кеңейишин токтотуудан баш тартышты. Алар Украина эркин өлкө экенин, ал каалаган уюмга кошулууга укугу бар экенин келтиришти. Буга каршы болгон Орусия да бекем позициясынан кайткан жок.

НАТОго АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө. Былтыр жайда ага Украинаны кошуу маселеси каралган.

Мындан көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости