www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын борборуна мурдагы атын – Астананы кайтаруу үчүн кол топтоо башталды, деп билдирет КазТАГ.

«2019-жылдын март айында Казакстан Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөбүздүн борбору Астана шаары Нур-Султан шаары болуп өзгөртүлгөн. Бул чечим социалдык тармактарда жана карапайым калктын турмушунда терс кабыл алынып, мурунку аты күнүмдүк турмушта колдонулуп келет. Коомдогу маанайды эске алып, Казакстан Республикасынын Президентинен, өкмөтүнөн жана парламентинен биздин республиканын борбору Астана шаарынын мурдагы атын кайтарып берүүнү суранабыз», - деп айтылат кайрылууда.

Кошумчалай кетсек, кайрылуунун авторлору жергиликтүү бийликтерден «бардык шаарлардагы Назарбаев атындагы көчөлөргө мамлекеттүүлүгүбүздү, биримдигибизди жана өлкөнүн эгемендигин баса белгилеген бейтарап аттарды берүүнү» суранышкан.

 "Мисалы, Алматыдагы Назарбаев проспектисин Республика проспектиси деп атаса болот", — деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости