www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева онлайн маалымат жыйын өткөрүштү.

Жыйында Нарын облусунда ПЦР анализдер алына башталары айтылды.

"Мурда анализдерди Бишкек шаарына ташычубуз. Анда деле анализдер бардык талаптарды сактоо менен сапаттуу жеткирилип турган. Бирок убакыттан уттуруп, тоңдурулган анализдердин жыйынтыгын күтуп калчу элек. Ошого байланыштуу облус жетекчилигинин демилгеси менен кечээ, 22-апрелде Нарынга көчмө лаборатория келди. Аны менен бирге борбордон адистер дагы келишти. Ал эми адистерден тажрыйба алып үйрөнүү үчүн Ат-Башыдан вирусологдор чакырылып, алар атайын окуудан өтө башташты. Учурда жаңы келген лабораторияга 33 анализди коюшту. Анын жыйынтыгы эртең чыгат. Мындан кийин анализдер Нарын шаарынан чыгып турат" , - деди Жаркын Ибраева.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости