www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш балдарды өлтүрүп жана өспүрүмдөргө жыныстык зомбулук көрсөтүп соттолгон адамдарды, эл алдында дарга асууга чакырган резолюцияны Пакистан парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мыйзамдык күчү жок бул резолюцияны жалпы депутаттардын жарымы, анын ичинде бийликтеги "Техрик-и-Инсаф" партиясы да колдогон.

"Балдарга каршы кылмышка баргандарга ырайым жок. Алар шаардын ортосунда дарга асылышы керек", - деп билдирди резолюцияны сунуштаган парламент иштери боюнча министр Али Мухаммад Хан.

"Пакистандын элдик партиясы" бул документке каршы чыгып, мындай катаал жаза балдарга каршы жыныстык зомбулукту азайтпай турганын айтышты.

Эске салсак, акыркы жылдары Пакистанда сексуалдык ыдыкка туш болгон өспүрүмдөрдүн саны өскөнү үчүн бийликтен чара көрүүнү талап кылган митингдер байма-бай өтүп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости